Венгрияда акыркы жолу өзгөчө кырдаал режими 2020-жылдын март айында коронавирус пандемиясынан улам киргизилген.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украинадагы согушка байланыштуу 25-майда саат 00:00дөн тарта өлкөдө өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Орбандын айтымында, бул чара өлкөнүн өкмөтүнө Украинадагы окуялардын кесепеттерине дароо жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн берет.

"Өкмөт конституция боюнча өзүнүн укугун пайдаланып, бүгүн түн жарымынан тарта өзгөчө кырдаалды жарыялоодо. Эпидемия (коронавирус) учурунда жарыяланган өзгөчө кырдаал сыяктуу, бул өкмөткө Венгрияга дароо чара көрүүгө жана коргоого мүмкүндүк берет", - деген ал.

"Биз бир мүнөттү да текке кетирбейбиз, анткени жакын жерде согуш жүрүп жатат", - деп кошумчалаган Орбан.

Венгрияда акыркы жолу өзгөчө кырдаал режими 2020-жылдын март айында коронавирус пандемиясынан улам киргизилген.

Булак: super.kg