"Кытай азыр башка өлкөлөрдүн аймагын басып алуу нормалдуу көрүнүш деген позицияны карманууда"

Украинанын президенти Володимир Зеленський япониялык NHK телеканалына берген маегинде Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалда Кытайдын позициясы тууралуу айтты. Бул тууралуу "Украинская правда" басылмасы жазды.

Зеленський маегинде Пекин Орусиянын Украинага жасаган агрессиясына Батыш өлкөлөрүндөй жооп кайтарган жок экенин билдирген. Ошол эле учурда Зеленський башка мамлекеттер дагы ушундай агрессияга барбашы үчүн Орусияны жоопко тартуу абдан маанилүү экенин баса белгилеген.

"Кытай азыр башка өлкөлөрдүн аймагын басып алуу нормалдуу көрүнүш деген позицияны карманууда", - деген Зеленський.

Булак: super.kg