Игорь Додон президент кызматын 2016-жылдан 2020-жылга чейин ээлеген.

Молдаванын мурдагы президенти Игорь Додон 72 саатка камакка алынды. Ага бир нече кылмыш иши козголгон, анын ичинде мамлекетке чыккынчылык кылуу беренеси бар. Бул тууралуу «Комсомольская правда — Молдова» маалымат агенттиги Башкы прокуратуранын басма сөз кызматкерине шилтеме берүү менен билдирди.
Ошондой эле мурдагы президенттин үйү тинтүүгө алынган. Ал мамлекетке чыккынчылык кылууга, коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга айыпталууда.

2020-жылы мурдагы депутат Юрий Реницэ видео жарыялаган болчу. Анда 2019-жылы Демократиялык партиянын мурдагы башчысы, бизнесмен Владимир Плахотнюк жана анын орун басары Сергей Яралов ошол кездеги президент Додонго баштык берип жатканын көрсө болот. Реницэ ал баштыкта ири суммадагы акча болгонун айткан.
Ошол видеонун негизинде ушул жылы 18-майда Додондун үстүнөн кылмыш иши козголду. Бирок 2020-жылы прокуратура видеодо кылмыштын элементтери жок деп иш козгоодон баш тарткан болчу.Додон акча албаганын айтууда. Ал укук коргоо органдары анын өлкөдөн качып кетүүсүн каалап жатканын белгиледи.
Игорь Додон президент кызматын 2016-жылдан 2020-жылга чейин ээлеген.

Булак: Баракелде