Түркиянын бийлиги Күрд жумушчу партиясын террористтик уюм катары тааныйт.

Түркиянын түштүгүндө терроризмге каршы операция жүргүзүлөт, деп билдирди президент Режеп Тайип Эрдоган.
Анын айтымында, бул маселе 26-майда талкууланат. Операция Түркиянын Сирия менен Иракка чектешкен жеринде жүрөт. Бул тарапта Күрд жумушчу партиясынын штабдары бар.
Түркиянын бийлиги Күрд жумушчу партиясын террористтик уюм катары тааныйт.
Апрель айынын ортосунда Түркия Ирактагы күрддөргө каршы операция уюштурган. Анда Ирактын түндүгүндөгү 3 аймак аткылоого кабылган. Операцияга аба күчтөрү тартылган. Алар күрддөр жашынган жерлерди, ок-дары сакталган кампаларды жана күрддөрдүн штабын аткылашкан.

Булак: Баракелде