ТИМ башчысы Батыш саясатчылары болуп өткөн нерседен туура эмес тыянак чыгарып жатканын белгилеген.

"Согуш талаасында Россияны жеңиш керек" деп жарыя кылып жаткан Батыштын саясатчылары мектепте начар окуп, өлкөнү жакшы билбейт окшойт. Бул тууралуу РИА Новости РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавровдун айтымына таянып жазды.
Тышкы иштер министри Евгений Примаков атындагы гимназиянын "Лидерге 100 суроо" долбоорунун алкагындагы иш-чарага катышкан.

"Россия утулушу керек деп айтып жатышат. Алар Россияны жеңип, биздин согуш талаасында утулушубузду каалап жатышат. Силерди тарыхты Батыштын саясатчыларына караганда жакшы билет деп ишенем. Алар мектепте начар окушса керек. Булар болуп өткөн нерседен туура эмес тыянак чыгарып жатышат", — деген Лавров.

ТИМ башчысынын айтымында, акыры Батышка Жер жүзүндө жаралып жаткан чындыкты таанууга туура келет.
"Алар Россиянын жана кайда жашабасын орустардын кызыкчылыгын дайыма тебелей берүү мүмкүн эмес экенин таанууга мажбур болушат", — деди ал.
Лавров Украинадагы атайын операция башталгандан бери Батыш русофобия боюнча позицияны тездик менен ээлеп алганына таң калганын айткан.

Россия 24-февралда Украинага карата атайын операцияны баштаган соң ага жооп катары Батыш өлкөлөрү Москвага катар-катар санкцияларды салган. Алар биринчи иретте банк секторуна жана жогорку технологиялуу продукцияларга кесепетин тийгизиши керек дешкен. Кремль аны буга чейин болуп көрбөгөндөй экономикалык согуш деп атады. Бийлик мындай сценарийге мурдатан эле даярдангандыгын айтып, социалдык милдеттенмелер мурдагысындай эле аткарыла берерине ишендирген.
Европа күйүүчү майдын кымбатташына жана андан улам пайда болгон азык-түлүк инфляциясына кабылды. Мындай жагдай Европа биримдигиндеги көптөгөн жарандардын нааразылыгын жаратууда.

Булак: sputnik.kg