Биздин мыйзамга ылайык өлкөнү башкара турган адам бар.

Украинанын бийлиги өлкө жетекчилеринин бири көз жумган учурда ишке ашуучу «Б планын» даярдады. Бул маалыматты президент Владимир Зеленский Давостон видеобайланыш аркылуу кабарлаган.
«Биздин мыйзамга ылайык өлкөнү башкара турган адам бар. Биз даярданып, бөлүштүрүп да койдук — мен, премьер-министр жана парламенттин башчысы», - деди президент.
Украина парламенттик-президенттик республика экенин белгилеген В.Зеленский: «Эгерде кандайдыр бир жоготуу болсо, бул процесске даяр экенибизди түшүндүк. Министрлер кабинетин экиге бөлдүк. Бул өлкөбүз ушундай абалда да коргонушу үчүн», - деп кошумчалады президент.
Майдын башындагы австралиялык «Nine Network» телеканалы уюштурган маек учурунда Владимир Зеленский ага даярдалып жаткан кол салуу коркунучу тууралуу айткан. Ал жакындарын жоготкон украиналыктарга байланыштуу коркунучу көбүрөөк экенин айткан болчу.

Булак: Баракелде