Путин кесиптеши Лукашенконун мурдатан эле улуттук валюта менен эсептешүү керектигин айтып келгендигин эске салды.

Өнөктөштөр ортосунда улуттук валюта менен эсептешүүгө өтүү рублдин бекемделишине жол салып, Москва жана Минскинин ортосунда рубль аркылуу эсептешкен соода көлөмүн арттырат. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин айткандыгын РИА Новости кабарлады.

"Өнөктөштөрүбүз менен улуттук валютада, рубль менен соода кылуу өзүнүн натыйжасын берет. Сиз мурдатан бери бир нече ирет бул нерсени жасоо керектигин айтып келдиңиз. Абал өзү ошого ылайыкташып, муну ишке ашырдык. Белгилей кетсек, баары өзүнүн милдеттерин аткарып, өнөктөштөргө зыяны тийген жок", — деген Путин Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолукканда сүйлөшүп жатып.

Путин Москва менен Минск көп товарлар боюнча эсептешүүдө улуттук валютага өтүп жаткандыгын жана бул "рублдин бекемделишине көмөкчү болорун" белгилеген.
"Россия жана Беларусь үчүн мында жаңы эч нерсе деле жок. Мурдатан бери эле улуттук валютада алып-сатып келебиз жана көлөмү көбөйүүдө", — деп кошумчалаган.


Булак: Sputnik.