Бул окуядан кийин бокс иш-чарасы токтотулган.
Түрк тектүү немис боксчусу Муса Ямак угандалык Хамза Вандерага каршы беттеште жүрөгү кармап каза болду. Бул тууралуу «Bild» билдирди.
Беттеш Гархингде өткөн. 38 жаштагы Ямак үчүнчү раунддун башында эсин жоготкон. Дарыгерлер ага биринчи медициналык жардам
көрсөтүп, спортчу ооруканага жеткирилип, ал жактан каза болгону белгилүү болгон.
Бул окуядан кийин бокс иш-чарасы токтотулган.
Ямак профессионалдык карьерасын 2017-жылы баштаган. Жалпысынан сегиз беттеште сегиз жеңишке жетишкен. Ал Бүткүл дүйнөлүк бокс федерациясынын (WBF) жеңил салмактагы чемпиондук курунун ээси болчу.
Булак: Баракелде