Дубайда жайгашкан дүйнөдөгү эң бийик имарат Бурж-Халифанын аталышы маркум президенттин урматына коюлган.

Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти Халифа бен Заид Аль Нахайян көз жумду. Ал 73 жашта болчу. Бул тууралуу БАЭнин «WAM» маалымат агенттиги билдирди.
БАЭде 40 күндүк аза күтүү жарыяланды. Ошондой эле бардык министрлик, мамлекеттик мекемелер жана жеке менчик компаниялар 3 күнгө жабылды.
Маркум БАЭнин негиздөөчүсү Заид ибн Султан Аль Нахайяндын эң улуу баласы болчу. Ал президенттик кызматка 2004-жылы 3-  ноябрда атасы каза болгондон кийин отурган. 2014-жылы инсультка кабылып, оор операция жасалган. Ошондон кийин эл алдына көп чыкчу эмес. Эми анын ордун иниси — АбуДабинин ханзадасы Мухаммед бин Зайд Ан Нахайян ээлейт.
Халифа бен Заид Аль Нахайян дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири болчу. «Форбс» («Forbes») журналынын маалыматы боюнча, анын байлыгы 15 млрд долларга тете. Ал эми үй-бүлө мүчөлөрүнүн байлыгы 150 млрд долларга бааланат.
Дубайда жайгашкан дүйнөдөгү эң бийик имарат Бурж-Халифанын аталышы маркум президенттин урматына коюлган.

Булак: Баракелде