Согуш эч кимге керек эмес, ал пайдасыз.
Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко «Ассошиэйтед Пресс» («Associated Press») маалымат агенттигине интервью берди. Анын жүрүшүндө Лукашенко Украинадагы согушту ким 1 жуманын ичинде токтото аларын айтты.
Лукашенконун айтымында, Украинанын бийлиги согушту дипломатиялык жол менен токтото албайт.
«Анын жалгыз себеби бар: бүгүнкү күндө Украинаны Зеленский башкарбайт, ал мага таарынбасын, бул менин көз карашым», - деди ал.
Лукашенконун пикири боюнча, Украинаны Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү башкарат.
«Эгерде Жо Байден (АКШнын президенти): «Болду, токтоткула. Согуш эч кимге керек эмес, ал пайдасыз» - десе, 1 жуманын ичинде баары токтойт», - деди Лукашенко.
Анын айтымында, АКШ Украинадагы согуш аркылуу Россияны сазга батыргысы келет.
Булак: Баракелде