Франциянын башка шаарларында да нааразычылык акциялары башталды.

Францияда президенттик шайлоонун 2-турунда Эммануэль Макрон жеңишке жеткени жарыялангандан кийин нааразычылык акциялары башталды. Бул тууралуу «Reuters» жазды.
Париждин көчөлөрүнө «Сары жилет» кыймылынын мүчөлөрү чыкты. Алар президенттик шайлоодо Макронго добуш бербөөгө чакырышкан.
Полиция кызматкерлери көздөн жаш агызуучу газ колдонушканы айтылууда. Парижде укук коргоо органдарынын кызматкерлери көбүнчө Шатле районундагы жаштарды таркатууга аракет кылган.
Ошондой эле Париждин чок ортосунда полиция кызматкерлери унаага ок атууга мажбур болгону айтылды. Унааны кайгуулчулар токтотушкан, бирок айдоочу күтүүсүз жерден унаасын полиция кызматкерлери көздөй айдаган.
Полиция кызматкерлеринин бири коргонуу максатында унаага ок аткан. Анын кесепетинен унаадагы 2 адам каза болду, дагы бири жаракат алды.
Франциянын башка шаарларында да нааразычылык акциялары башталды. Лион жана Ренн шаарларында митингчилер менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери кагылышты.

Булак: Баракелде