Путин орус аскерлеринин өмүрүн сактап калуу максатында ушундай чечим кабыл алганын айтты.
Россиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 21-апрелде коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугуп, Мариуполь шаарындагы «Азовсталь» заводундагы чабуулду токтотууга буйрук берди.
«Өндүрүш аймагында чабуулга өтүү сунушун максатсыз деп эсептейм. Ал сунушту жокко чыгарууга буйрук берем», - деди Путин. Шойгу анын буйругуна макул болду.
Путин орус аскерлеринин өмүрүн сактап калуу максатында ушундай чечим кабыл алганын айтты.
«Жоокер менен офицерлерибиздин ден соолугун жана өмүрүн сактоо жөнүндө ойлонушубуз керек. Катакомбаларга кирип, жер алдында жөрмөлөп жүрүүнүн кереги жок. Бул өндүрүш аймакты чымын да өтпөгөндөй тоскула. Азыркыга чейин багынып бербегендерге дагы бир жолу багынып берүүнү сунуштагыла. Россия аларга эл аралык укуктук актыларга ылайык мамиле жасоого кепилдик берет», - деди Путин.
Булак: Баракелде