Ошондой эле ракеталар кайсы жерден учурулганы аныкталганы, 3 адам кармалганы айтылды

Дүйшөмбү күнү социалдык тармактарда Өзбекстандын чек арасы аткыланганы тууралуу маалымат тарады. Бирок Өзбекстандын Коргоо министрлиги менен президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты четке каккан.
Кийинчерээк афган өкмөтүнүн өкүлү — «Талибандын» мүчөсү Энамулла Самангани Өзбекстандын аймагын ракета менен аткылоо аракети болгонун билдирди. Бирок ракеталар Өзбекстандын чек арасына чейин жеткен эмес.
Энамулла Самангани ал ракеталарды «ИГИЛ» экстремисттик уюму учурганын белгиледи. Анын айтымында, ракеталар Афганистандын аймагындагы кароосуз калган имараттардын урандыларына түшкөн.
Ошондой эле ракеталар кайсы жерден учурулганы аныкталганы, 3 адам кармалганы айтылды.

Булак: Баракелде