Стамбулдагы сүйлөшүүдөн кийин Москва Украинадагы аскердик операциясынын конфигурациясын өзгөрттү.
Украинада Россиянын атайын аскердик операциясынын экинчи фазасы башталды, деп билдирди Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
«Украинанын чыгышындагы операция Донецк менен Луганск Республикаларын толук бошотууга багытталган», - деди ал.
Лавров Украинанын президенти Владимир Зеленский кызматташып, Минск келишиминин талаптарын аткарса, чыр эбак токтомок экенин айтты.
«Батыш Зеленскийди Россияга каршы колдонуп, андан соң ага чыккынчылык кылды. Стамбулдагы сүйлөшүүдөн кийин Москва Украинадагы аскердик операциясынын конфигурациясын өзгөрттү. Биз алар койгон талап келишимдин негизин түзөрүнө ишенип, жакшы ниет менен Чернигов жана Киев облустарындагы конфигурацияны өзгөрттүк, бирок ал бааланган жок», - деди Лавров.
Булак: Баракелде