Окуя болгон жерге саперлор тобу жөнөп кеткенин New York Post гезити жазды. 12-апрелде Нью-Йорктун Бруклиндеги бир нече метро станцияларында кеминде 13 киши октон жарадар болгонун ABC NY билдирди. Кол салган эркек кара тору болгон жана күбөлөрдүн айтымында, противогаз жана кызгылт сары курулуш жумушчусунун жеңи жок күрмөсүн кийген. Азыр милиция аны издеп жатат.
Курман болгондордун төртөө Сансет Парктагы 36-көчө метро станциясынан, дагы бирөө Гринвуд Хайтстеги 25-көчө станциясынан
табылган. Атышуу учурунда түтүн чыгаруучу аппарат колдонулганы айтылууда.
ABC телеканалынын жергиликтүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, метронун ар кайсы станцияларында бир нече окуя болгон. Канал полиция кеминде төрт шектүү буюмду иликтеп жатканын билдирди.
«Нью-Йорк Таймс» гезити да станциянын ичинде түтүн чыгып жатканын кабарлады. Басылманын маалыматына караганда, ок атуу жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 8:30 чамасында, 36-көчө метро станциясында угулган. ABC телеканалынын маалыматы боюнча, каза болгондордун төртөө ошол жерде болгон, дагы бирөө 25-көчө станциясынан табылган, ал эми атышуу кайда: станцияларда же вагондордо болгону азырынча белгисиз. Окуя болгон жерге саперлор тобу жөнөп кеткенин New York Post гезити жазды.  

Булак:Баракелде