«Дос эмес мамлекеттерге» карата киргизилген дагы бир чара Беларуска каршы санкция киргизген өлкөлөргө мамлекеттик карызды жөнгө салууга тиешелүү.

Беларуста «дос эмес өлкөлөрдүн» тизмеси аныкталып, ага 39 мамлекет кирди. Бул жарлыкка республиканын премьерминистри Роман Головченко кол койду, тизме parvo.by Улуттук интернет-порталында жарыяланды.

«Беларусиянын юридикалык жана жеке жактарына карата «дос эмес аракеттерди жасаган» өлкөлөргө төмөнкүлөр кирет:

27 ЕБ мамлекети,
АКШ,
Улуу Британия
Канада,
Норвегия,
Исландия,
Швейцария
Албания,
Черногория, 
Түндүк Македония,
Лихтенштейн,
Австралия,
Жаңы Зеландия.

Бир күн мурун, 7-апрелде Беларустун президенти Александр Лукашенко «дос эмес өлкөлөрдөн» келген тургундарга төлөмдөрдү токтотуу тууралуу жарлыкка кол койгон.
«Документ улуттук ишкердик субъекттерин беларусиялык юридикалык же жеке жактарга карата достукка жатпаган аракеттерди жасаган чет мамлекеттердин резиденттеринин талабы боюнча өз эсептеринен акча каражаттарын чыгарып салуудан коргоого багытталган», - деп айтылат мамлекет башчынын маалыматында.
Жарлыкка ылайык, мындай резиденттердин пайдасына берилген документтерди аткаруу токтотулуп, банктар бул резиденттер өз алдынча берген төлөм талаптарын төлөөчүнүн акцептисиз кабыл алуудан баш тартууга милдеттүү.
«Дос эмес мамлекеттерге» карата киргизилген дагы бир чара Беларуска каршы санкция киргизген өлкөлөргө мамлекеттик карызды жөнгө салууга тиешелүү. Эми республиканын Финансы министрлиги эгерде достук мамиледе болбогон өлкөлөр чектөө киргизсе, төлөмдөрдү улуттук валюта, беларус рубли менен жүргүзүүгө укуктуу. Тактап айтканда, Беларуста ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлорду токтотуп, аларды каржылоону убактылуу токтотуп, өлкөнү «мамлекеттик карыз боюнча төлөмдөрдү чет элдик валютада жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн» ажыратууда.

Булак:Баракелде