Буга чейин орус президенти көңүл айткан. Ал Жириновскийди тажрыйбалуу саясатчы, жаркын оратор жана полемист деп атады.
Орусиянын президенти Владимир Путин Либералдык-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновский менен коштошо турганын анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди, деп маалымдайт ТАСС.
«Президент Жириновский менен сөзсүз коштошот», - деди Песков журналисттердин Путин саясатчы менен коштошууга келеби деген суроосуна жооп берип жатып. Бирок Песков Путин акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышаар-катышпасын тактаган жок.
Буга чейин орус президенти көңүл айткан. Ал Жириновскийди тажрыйбалуу саясатчы, жаркын оратор жана полемист деп атады.
Путин ЛДПР лидеринин парламентаризмди жана ички мыйзамдарды өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи. ЛДПР лидери 6-апрелде 75 жашында каза болгон.
Булак: Баракелде