Орус аскерлери Донбассты толугу менен ээлеп алууга даярданууда.

Орус аскерлери Донбасска чабуул жасап, Донецк менен Луганск облустарынын административдик чек араларын ээлеп алууга даярданып жатышат. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди. «Ошондой эле орус аскерлери Харьков шаарын блокадага алууну улантып, Луганск облусундагы Попасная калктуу пунктун артиллериялык куралдар менен аткылап жатышат», - деп айтылат маалыматта.

Булак: Баракелде