Ашраф Гани Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткени белгилүү болгон.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги «Талибан» кыймылынын өкмөтү жөнөткөн алгачкы өкүлдү каттоодон өткөрдү.
Бул маалыматты Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Афганистандын коңшу өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен болгон жолугушууда айткан. Ал талибдердин өкмөтү дипломатиялык жана экономикалык байланыштарды кеңейтип, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен жолугушууларды уюштуруп, аймактагы соода кызматташтыгын жөнгө салып жатканы тууралуу айтты.
«Талибан» кыймылы Афганистандагы бийликти 2021-жылдын августунда колго алган. Ага чейин Афганистандын президенти болгон
Ашраф Гани Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткени белгилүү болгон.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 2006-жылы «Талибан» кыймылы террористтик уюм деген чечим чыгарган. Анын ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда тыюу салынган.

Булак: Баракелде