Орус армиясы 17,2 миңге жакын аскерин жоготту, - Украинанын Башкы штабы.

 Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 24-февралдан 29-мартка чейин Украинадагы орус аскерлеринин жаңы
жоготуулары боюнча маалымат жарыялады.

Штабдын маалыматы боюнча, Россия Федерациясынын армиясы 24.02 — 29.03 аралыгындагы болжолдуу жоготуусу:

- өздүк курам —17 200гө жакын адам,
- танктар — 597 даана,
- бронетехника — 1710 даана,
- артиллериялык системалар — 303,
- жапырт аткылоочу реактивдүү система (ЖАРС) — 96,
- абадан коргонуу системалары — 54,
- учак — 127,
- тик учактар — 129,
- автомобиль техникасы — 1178,
- жеңил ылдамдыктагы кайыктар — 7,
- күйүүчү май бактары — 73,
- оперативдүү-тактикалык деңгээлдеги учкучсуз учуучу аппараттар — 71,
- атайын техника — 21.

Булак: Баракелде