Бирок G7 мамлекеттери Москванын бул талабын четке кагып, орус газын рубль менен сатып алуудан баш тартты.

Өткөн жумада Орусиянын президенти Владимир Путин жаратылыш газын «дос эмес өлкөлөргө» экспорттоо үчүн орус рублинде соода кылууну жарыялаган.
Бирок G7 мамлекеттери Москванын бул талабын четке кагып, орус газын рубль менен сатып алуудан баш тартты. Мындай маалыматты Германиянын энергетика министри Петер Алтмайер маалымдады.

Германиянын экономика министри Роберт Хабек “төлөмдөрдү рубль менен ишке ашыруу ыңгайсыз” экендигин айтып, компанияларды Орусия президентинин талабына баш ийбөөгө чакырды.

«Чоң жети» тобуна Канада, Франция, Германия, Италия, Япония, Улуу Британия жана АКШ кирет.  Бул өлкөлөрдүн баарын Орусия » дос эмес мамлекеттер» тизмесине киргизген.

Булак: Маралфм