Сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы 28-февралда Беларустун Гомель облусунда болуп, анда жолугушуу беш саатка созулган.
Президенттин жардамчысы Владимир Мединский башында турган орус делегациясы Украинанын өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн Стамбулга учуп барды, деп билдирет «Haberin Takasi».
Басылманын маалыматына караганда, «Ту-204-300» учагы Москва убактысы боюнча 11:15те Внуково аэропортунан учуп, Москва
убактысы боюнча 16:08де Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортуна конгон. «Делегация самолеттон түшүп, аларды күтүп турган унааларга отуруп, аэропорттон чыгып кетишти», - деп белгиледи гезиттин кабарчысы.
Стамбулдагы бетме-бет жолугушуу 29-30-мартта болорун Мединский буга чейин билдирген. Өз кезегинде украин делегациясынын мүчөсү, Жогорку Рададагы «Сууга народа» фракциясынын башчысы Давид Арахамия сүйлөшүүлөр 29-мартта Москва убактысыт боюнча саат 10:00дө башталарын тактады. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Москва менен Киев делегацияларынын Стамбулдагы жолугушуусу ок атышууну токтотууга алып келет деген үмүтүн билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы 28-февралда Беларустун Гомель облусунда болуп, анда жолугушуу беш саатка созулган.
Кийинчерээк дагы эки бетме-бет раунд, ошондой эле онлайн форматтагы жолугушуулар өттү.
Булак: Баракелде