Путин жолугушуу үчүн Стамбул шаарын тандап алган.

Бүгүн, 28-мартта Режеп Тайып Эрдоган Украина-Орусия мамилесин оңдоо үчүн Түркиянын ортомчулугун талкуулаган өкмөттүк жыйын өткөрөт. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды.

Жыйында ортомчулуктан сырткары НАТОнун Брюсселдеги саммити, Түркиянын аймактык сууларына түшкөн миналар тууралуу да сүйлөшүлөрү айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 27-мартта Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Орусия президенти Владимир Путин телефондон сүйлөшүп, өлкө башчыларынын кездешүүсүн талкуулашкан. Анын жыйынтыгында Путин жолугушуу үчүн Стамбул шаарын тандап алган.

Ушул эле күнү Путиндин жардамчысы Владимир Мединский Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы 29-30-мартта болорун кабарлаган.

Түркия тарап 10-мартта да Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулебанын жолугушуусун уюштурган. Бирок тараптар бир пикирге келе алышпаганын жергиликтүү булактар жазып чыккан.

Булак: Маралфм