Япония Россиянын 81 уюмуна жана 25 жаранына жаңы санкцияларды киргизет.

Бул маалыматты Япониянын Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен «РИА Новости» жарыялаган.

Жаңы тизме:

- Россия президентинин катчысы Дмитрий Песковдун жубайы Татьяна Навка жана 18 жаштан өткөн балдары;
- ВЭБ мамлекеттик корпорациясынын төрагасы Игорь Шувалов жана анын туугандары;
- «Северсталь» компаниясынын негизги акционери Алексей Мордашов;
- «Ростеха» компаниясынын башкы директору Сергей Чемезовдун туугандары;
- Россиянын Президентинин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Сергей Кириенконун туугандары;
- Россия Федерациясынын коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевдин туугандары;
- Россия президентинин экология жана транспорт боюнча атайын өкүлү Сергей Ивановдун уулу;
- «Россия» банкынын ээлеринин бири Николай Шамалов жана анын уулу Кирилл;
- «Роснефтинин» жетекчиси Игорь Сечиндин уулу;
- «Транснефть» компаниясынын президенти Николай Токаревдин туугандары.

Санкция киргизилген компаниялар:

- Миасск автозаводу;
- «Вымпел» заводу;
- Амур заводу;
- Ярослав заводу;
- «Красное Сормово» заводу;
- «Звездочка заводу;
- Санкт-Петербургдагы Түндүк верфь;
- «Россиянын космикалык системасы» мекемеси;
- «Гипер үн системалары илимий-изилдөө мекемеси»;
- «Байкал Электроникс;
- «Крокус Нано» жана башкалар.

Булак: Баракелде