Кээ бир кесиптештерден айырмаланып, биз ишенимдүү өнөктөш жана камсыздоочу катары ишкердик аброюбузду баалайбыз.

Орусия жакын арада дос эмес өлкөлөргө газ жеткирүү үчүн рубль төлөмүнө өтөт. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууда билдирди.
«Биздин товарларды Европа өлкөлөрүнө жана АКШга жөнөтүү жана доллар, евро жана башка бир катар валюталарда төлөм алуу биз үчүн эч кандай мааниге ээ эмес. Мен эң кыска мөөнөттө дос эмес деп саналган өлкөлөргө берилген жаратылыш газы үчүн төлөмдөрдү орус рублине которуу боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашырууну чечтим. Ошол эле учурда мен өзүнчө белгилеп кетким келет, Орусия албетте, мурда түзүлгөн келишимдерде белгиленген көлөмгө жана баа принциптерине ылайык жаратылыш газын берүүнү улантат. Кээ бир кесиптештерден айырмаланып, биз ишенимдүү өнөктөш жана камсыздоочу катары ишкердик аброюбузду баалайбыз. Өзгөртүүлөр төлөм валютасына гана таасирин тийгизет», - деди ал.