«Ъ» агенттиктигинин маалыматына караганда, Анатолий Чубайсты кечээ, 22-мартта Стамбулда банкоматтын жанынан көрүшкөн.

Анатолий Чубайс Россия президентинин туруктуу өнүгүү боюнча атайын өкүлү кызматынан кеткенин «Bloomberg», «Reuters» жана «ТАСС» маалымат булактары билдирди. Чубайстын өкүлдөрү «РИА Новостиге» анын кызматтан кеткенин тастыкташты.
«Bloombe» агенттигинин өздүк булактары муну анын Украинадагы согуштук аракеттерге макул эместигинен улам деп ырасташууда.
Агенттиктин маалыматына караганда, ал өлкөдөн чыгып кеткен.
«Ъ» агенттиктигинин маалыматына караганда, Анатолий Чубайсты кечээ, 22-мартта Стамбулда банкоматтын жанынан көрүшкөн.
«Ооба бул чындык. Анатолий Борисович бул кызматтан кетип жатат», - деп билдирди ТАСС агенттигинин өздүк булагы. «Forbes»
Чубайс менен телефон аркылуу байланышууга жетишкенин, бирок ал трубканы коюп салганын кабарлады.
Ошондой эле Россия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «РИА Новостиге» Чубайс өз каалоосу менен кызматтан кеткенин билдирди. «Бирок ал кеткен (өлкөдөн), кетпегени — бул анын жеке иши», - деп кошумчалады Песков.
Анатолий Чубайс 66 жашта. 2020-жылдын декабрынан бери Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн президенттин эл аралык уюмдар менен байланыштар боюнча атайын өкүлү.
2008-2020-жылдары «Роснанону» жетектеген. 1990-жылдары Президенттик аппараттын жетекчиси, өкмөттүн төрагасынын биринчи
орун басары, каржы министри болуп иштеген

 

Булак: Баракелде