Буга чейин Россиянын адам укуктары боюнча өкүлү Украина менен Россия 21-мартта туткундагы аскерлерин алмашканын билдирген.
Россия менен Украина 2 ирет туткундагы аскерлерин алмашты. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова билдирди. Бирок ал туткундагы аскерлерди качан алмашуу болгонун жана жалпысынан канча аскер кайтарылганын айткан жок. Ал эми Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков туткундагы аскерлер тууралуу суроо менен Коргоо министрлигине кайрылууну сунуштады.
Буга чейин Россиянын адам укуктары боюнча өкүлү Украина менен Россия 21-мартта туткундагы аскерлерин алмашканын билдирген.
Анын айтымында, Украинанын Мелитополь шаарынын мэри Иван Федоровду Россиянын 9 аскерине алмашышкан.
Булак: barakelde.org