40 жаштагы мурунку министр Афганистанга АКШ тарабынан бөлүнгөн 6 миллиард долларга жеткен бюджетти көзөмөлдөп келген.
Афганистандын мурунку финансы министри Халид Пайенда Вашингтондо таксист болуп эмгектенип жатат. Ал Афганистанда бийлик алмашканга чейин Америкага кеткен, деп жарыялады «The Guardian».
40 жаштагы мурунку министр Афганистанга АКШ тарабынан бөлүнгөн 6 миллиард долларга жеткен бюджетти көзөмөлдөп келген.
Мурдагы министр жакынкы күндөрү жарыяланган маегинде Кабулдан Америкага жер которуу оңойго турбаганын айткан. Американын
Афганистандагы саясаты жетишерлик олуттуу болбогонун да кошумчалады. Пайенда министрлик кызматын Кабулду талибдер басып алгандан 1 жума мурда тапшырып, үй-бүлөсүнүн артынан Америкага сапар алган. Жубайы экөө 4 баланын ата-энеси.
Булак: Баракелде