Маалыматтар боюнча, бортто 133 адам бар болчу.
Кытайдын түштүгүндө жүргүнчүлөрдү ташуучу «Boeing 737» учагы кулаганын Кытайдын Борбордук телеканалы билдирди. Бул учак «China Eastern» компаниясына тиешелүү.
Маалыматтар боюнча, бортто 133 адам бар болчу. Кырсык Гуанси-Чжуан автономдуу районунун Учжоу аймагынын Тэн уездинде
болгон. «Flightradar24» жарыялаган маалымат боюнча, учак Куньминден Гуанчжоуну көздөй жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:15те учуп чыккан. Саат 14:20де Учжоу районунун аймагынан учак төмөндөп баштап, радардын экранынан жоголгон.
Учурда куткаруу, издөө иштери жүрүп жатат. Учак кулаган аймактагы токойдо өрт чыкканы тууралуу да маалыматтарды жарыялашты. Авиакомпания «Boeing» учагын 2015-жылдан бери пайдаланып келген.
Булак: barakelde.org