3,1 миллиондон ашык адам Украинадан чыгып кетти.
Согуш аракеттери башталгандан бери Украинадан 3 миллион 169 миң 897 адам чыгып кеткен. Бул тууралуу
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгынын башкармалыгынын сайтында маалымдалды.
БУУнун Качкындар агенттигинин маалыматы боюнча:
- Польшага — 1,9 миллиондон ашык,
- Венгрияга — 282 миңден ашык,
- Словакияга — 228 миң,
- Орусияга —168 миң,
- Молдовага —350 миң,
- Румынияга —491 миңден ашык,
- Беларуска — 2127,
- Европанын башка өлкөлөрүнө —271 миңден ашык адам чыгып кеткен.
2021-жылы Украинанын калкы (Крымды кошпогондо, бирок Донбасстын бүт аймагы менен) 2022-жылдын 1-январына карата 41
миллион 167,3 миң адамды түзгөн.
Булак: Баракелде