Шайлоодо тогуз талапкер ат салышкан.

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады.

Шайлоодо тогуз талапкер ат салышкан. Алардын ичинен учурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов 72,97% добуш алган.

«Түркмөнстандын Шайлоо кодексине ылайык жана Борбордук шайлоо комиссиясынын чечиминин негизинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Сердар Бердымухамедов президент болуп таанылды», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Түркмөнстанда президенттик шайлоо 12-мартта өткөн. Ага шайлоочулардын 97, 17%ы катышканы маалымдалган.

Булак: maralfm.kg