Тиешелүү мыйзамга президент Владимир Путин кол койду.
Россияда физикалык жактар баалуу металлдардын куймаларын сатып алууда кошумча нарк салыгынан бошотулду.
Тиешелүү мыйзамга президент Владимир Путин кол койду.
Бул мыйзам россиялыктарга байлыгын доллар жана евро менен эмес, алтын менен сактоого мүмкүнчүлүк түзүп берүү максатында
кабыл алынды. Ошондой эле 2023-жылдын 1-январынан тартып баалуу металлдарды сатып алуу жана зер буюмдарды сатуу чөйрөсүндө атайын салыктарды киргизүүгө тыюу салынат. Буга чейин физикалык жактар баалуу металлдарды сатып алып жатканда товардын баасынын 20 пайызына тете кошумча нарк салыгын төлөшчү.
Булак: Баракелде