Жолугушуу үч тараптуу форматта дипломатиялык форумда өткөрүлөт.
Орусия менен Украинанын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Дмитрий Кулебанын жолугушуусу 10-мартта
Анталиядагы дипломатиялык форумдун алкагында өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Түркиянын тышкы иштер министри
Мевлүт Чавушоглу билдирди, деп жазат «Haberturk». «Орусия менен Украинанын тышкы иштер министрлери Анталияда жолугушууга даяр экендиктерин ырасташты. Жолугушуу үч тараптуу форматта дипломатиялык форумда өткөрүлөт»,- деди Чавушоглу Анкарадагы маалымат жыйында.
Булак: Баракелде