Буйрук президенттин 2022-жылдын 5-мартындагы «Айрым чет өлкөлүк кредиторлордун алдындагы милдеттенмелерди аткаруунун
убактылуу тартиби жөнүндө» жарлыгынын алкагында даярдалды.

Россия Федерациясынын өкмөтү Орусияга каршы достукка жатпаган аракеттерди жасаган чет мамлекеттердин жана
аймактардын тизмесин бекитти. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин токтомунда айтылат.

Тизме:

— Австралия
— Улуу Британия
— Евробиримдик өлкөлөрү
— Исландия
— Канада
— Лихтенштейн
— Монако
— Жаңы Зеландия
— Норвегия
— Корея
— Сан-Марино
— Сингапур
— АКШ
— Тайвань
— Украина
— Черногория
— Швейцария
— Япония.

Буйрук президенттин 2022-жылдын 5-мартындагы «Айрым чет өлкөлүк кредиторлордун алдындагы милдеттенмелерди аткаруунун
убактылуу тартиби жөнүндө» жарлыгынын алкагында даярдалды. Документке ылайык, мамлекет, орусиялык жарандар жана компаниялар «дос эмес» чет өлкөлүк кредиторлордун алдында валюталык милдеттенмелери бар компаниялар рубль менен төлөй алышат. Мындан сырткары, россиялык фирмалардын тизмеге кирген мамлекеттердин жарандары жана компаниялары менен болгон бардык операциялары чет элдик инвестицияларды көзөмөлдөө боюнча өкмөттүк комиссия тарабынан бекитилет.


Булак: Баракелде