Штабдын маалыматына караганда, 7-мартка караган түнү Чернигов, Харьков, Николаев абадан сокку урууга учураган, Житомир
облусунда аткылоо болгон, Херсон жана Сумы облустарында абал оор бойдон калууда.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 7-мартка карата Украинадагы аскердик операцияларда орус армиясы 11
миң кишисин жоготконун билдирди. Бул тууралуу «Фейсбукта« жарыяланган Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кыскача
баяндамасында айтылат.
Штабдын маалыматы боюнча, Россия Федерациясынын армиясы 24.03 —07.03 аралыгында болжол менен:
- өздүк курам —11 000ге жакын адам,
- танктар — 290 даана,
- бронетехника — 999 даана,
- артиллериялык системалар — 117,
- жапырт аткылоочу реактивдүү система (ЖАРС) — 50,
- абадан коргонуу системалары — 23,
- учак - 46 даана (маалымат такталууда),
- тик учактар — 68 даана (маалымат такталууда)
- автомобиль техникасы — 454,
- жеңил ылдамдыктагы кайыктар — 3 даана,
- УУА ыкчам-тактикалык деңгээли — 7.
Штабдын маалыматына караганда, 7-мартка караган түнү Чернигов, Харьков, Николаев абадан сокку урууга учураган, Житомир
облусунда аткылоо болгон, Херсон жана Сумы облустарында абал оор бойдон калууда.
Булак: Баракелде