Россиялык миллиардер Алишер Усмановго башка чоң ишкерлер менен катар санкция жарыяланган.

Германиянын бийлиги Алишер Усмановдун санкциядагы кымбат баалуу яхтасы конфискацияланганын 3-мартта «Forbes»
булактарына таянуу менен жарыялады. Россиялык миллиардер Алишер Усмановго башка чоң ишкерлер менен катар санкция жарыяланган. Бул Россия Украинага атайын аскердик операцияларды баштагандан кийин кабыл алынган чечим.
«Дилбар» яхтасы 600 миллион долларга бааланат. Ал 2021-жылдын октябрынан бери «Blohm+Voss» заводунда оңдолуп жаткан. Бул
мүлк камакка алынгандыктан бүгүн оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн кызматкерлер жумушка чыккан эмес.
Усмановдун яхтасы автордук долбоор менен дээрлик 5 жыл курулган. Бул дүйнөдөгү эң чоң яхта деп эсептелип, 156 метр, 16 миң
тоннага жетет. «Forbes» жарыялаган маалымат боюнча, россиялык миллиардер жалпы 32 яхтага ээлик кылат.

Булак: Баракелде