Бүгүнкү жолугушуунун максаты Украинадагы ок атышууну токтотууну талкулоо болгонун белгиледи.

Украина менен Россиянын делегацияларынын сүйлөшүүсүнүн 1-раунду аяктады. Алгачкы сүйлөшүү 6 саатка созулду. Украина президентинин администрациясынын башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк делегациялар өз өлкөлөрүнүн бийлик
өкүлдөрү менен кеңешкенден кийин кайра жолугуша турушканын айтты. Ошондой эле бүгүнкү жолугушуунун максаты Украинадагы ок атышууну токтотууну талкулоо болгонун белгиледи.
Ал эми Россиянын президенти Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский кийинки жолугушуу жакынкы күндөрү болорун билдирди. Анын айтымында, эмки сүйлөшүү Польша менен Белоруссиянын чек арасында уюштурулушу мүмкүн.

 
Булак: Баракелде