Батыш өлкөлөрү биздин өлкөгө экономикалык чөйрөдө достук эмес аракеттери менен гана чектелбей жатканын көрүп жатасыздар.
Россиянын президенти Владимир Путин Коргоо министри менен Башкы штабдын башчысына орус армиясынын тосмо күчтөрүн өзгөчө күжүрмөн нөөмөт режимине өткөрүүнү буйруду. Бул тууралуу ал Коргоо министри Сергей Шойгу жана Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимов менен жолугушууда билдирди. «Батыш өлкөлөрү биздин өлкөгө экономикалык чөйрөдө достук эмес аракеттери менен гана чектелбей жатканын көрүп жатасыздар.
Мен баары билген мыйзамсыз санкцияларды айтып жатам. НАТОнун алдыңкы өлкөлөрүнүн жогорку бийлик өкүлдөрү да биздин өлкөгө каршы агрессивдүү билдирүүлөрдү жасап жатышат», - деди ал.
Булак: Баракелде