Бишкек, "Саясат. kg". Луганс жана Донецск элдик республикаларын тануу боюнча документке кол коюлган.
Россиянын президенти Владимир Путин Донецск жана Луганс элдик республикаларынын көз карандысыздыгын тануу боюнча документке кечээ, 21-февралда кол койду.
Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Мухтар Тлеуберди бул тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып “Биз бул маселени караган жокпуз. Биз эл аралык укуктун негизинде жана БУУнун алкагында иш кылабыз”, - деди.
Ал Казакстан бул маселеде бейтарап кала турганын, расмий түрдө билдирүү жасоо үчүн даярдыктар көрүлүп жатканын белгиледи.