Бишкек, "Саясат. kg". Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Тажикстан ЖККУнун Казакстанга тынчтык орнотуу аракетине кошулууга даярдыгын билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине таянып жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Тажикстан бир тууган Казакстан өлкөсүндөгү кырдаалды санаркоо менен байкаштырууда. Айрыкча, жай тургундарга үстөмдүк кылууларга, бийлик органдарын басып алууларга, башаламандыктарга жана талап-тоноолорго кабатыр болушкан. Өзгөчө тынчсызданууну мыйзамсыз куралчан топтордун пайда болушу жараткан.
Ошондуктан, ЖККУнун алкагындагы милдеттенмесин аткарууга, Казакстанга келтирилген коркунучту жоюуга жардамдашууга макул болгон.