Тажикстандын Хорог шаарындагы тополоңдо үч адам набыт кетип, онго жакын демонстрант ар кандай деңгээлде жараат алган.

Өткөн жумада жергиликтүү жарандын өлтүрүлүшүнө нааразы болгон Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун жашоочулары Кыргызстандагы ЖМКларга кайрылып, тажик бийлигинин кысымы менен кордуктары ачык күчөгөнү тууралуу айтышты.

“Биз, Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун (ТБАО) жана өлкөдөн сыртта жүргөн жашоочулары, кичи мекенибизде укук коргоо органдарынын өзүм билемдигине, Хорогдогу кырдаал курчуп баратканына дагы бир жолу күбө болдук”,- деп айтылат кайрылууда.

Бул кайрылууга 25-ноябрдагы бир канча адам өмүрүн алган кандуу окуя түрткү болгон. Тактап айтканда, Тажикстандын Хорог шаарындагы тополоңдо үч адам набыт кетип, онго жакын демонстрант ар кандай деңгээлде жараат алган.

Бул тополоңго күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы жүргүзүлгөн деген иш-чарасынын натыйжасында, аталган облустун Шохдара айылынын тургуну Гулбидин Зиёбеков өлтүрүлгөнү себеп болгон. Мындан улам ондогон адамдар нааразычылык билдирип, митингге чыккан. Алар маркумдун сөөгүн облус администрациясынын имаратына алып келишип, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну бийликтен талап кылышкан. Ошондой эле Москвадагы Тажикстандын элчилигинин алдында нааразылык билдирген жүздөгөн адамдар чогулган.

Тажик УКМКсынын маалыматына ылайык, тараптардын кагылышуусунан жабыркагандар арасында коопсуздук күчтөрүнүн беш кызматкери бар. Алардын ичинде үчөө УКМКнын, бири милиция жана бири прокуратура кызматкерлери экени айтылды.

Бактыга жараша, 25-ноябрда тутанган тополоң 29-ноябрда эки тараптын 10 сааттан ашык сүйлөшүп, тажик бийлиги нааразы элдин талабына баш ийгенден кийин гана токтоду. Бирок Тоолуу-Бадахшандын жашоочулары өздөрүнүн көйгөйлөрүн дүйнө жүзүнө чагылдыруу үчүн Кыргызстандын маалымат каражаттарына кайрылууга мажбур болушкандыгын белгилеп коюшубуз керек.

Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусу Тажикстанстандын курамындагы автониялуу облус. Борбору – Хорог шаары. Түндүгүнөн Кыргызстан, чыгышынан Кытай, түштүк-батышынан Афганистан менен чектешет. Аянты 64,2 миң километр квадрат. Калкынын саны 220,6 миң (2010); негизинен памирликтер (94,0%), кыргыздар (5,8) жашайт. Дини исмаилиттер (сүнниттер). Тили – тажик, негизинен памир тилдери. ТБАОдо бир шаар, 7 район жана 43 айылдык жамаатка бөлүнөт. Облус Памирден орун алган.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №36 (520), 01.12.2021-жыл