Бишкек, "Саясат. kg". Facebook компаниясын атын Meta кылып өзөрттү. Бул тууралуу анын негиздөөчүсү Марк Цукерберг билдирди.

Ошол эле маалда соцтармактын аты өзгөрбөйт.

"Биздин миссиябыз ошол эле бойдон калат, ал – элдерди бириктирүү. Тиркемелерибиздин бренддери өзгөрбөйт. Жаңы ат биз басып өткөн бардык жолду жана биз кура турган келечекти чагылдырат. Мындан ары биз Facebook гана болгубуз келбейт... Мен биздин мета-ааламды иштеп чыккан компания катары кабылданышыбызды каалайм", – деп түшүндүрдү Цукерберг.

Meta сайтында “мета-ааламдын” башкы максаты – виртуалдык дүйндөдө адамдарды бириктирүү жана алардын баарлашуусу үчүн көптөгөн ыкмаларды сунуштоо экени айтылган.

Компанияга Facebookтан тышкары WhatsApp, Instagram, Oculus жана башка сервистер менен тиркемелер таандык.

Компаниянын атын өзгөртүү жараяны Facebook продукциялары жөнүндө терс пикирлер көбөйгөн маалга туш келди. Компаниянын мурдагы кызматкери Фрэнсис Хауген ички документтерди ачыкка чыгаруу менен Facebook бардык учурларда колдонуучулардын жыргалчылыгынан мурун өз кирешесин жогору койгонун айтып чыккан.

2015-жылы башка бир интернет-гигант – Google ушундай эле реструктуризация жүргүзүп, компаниянын атын Alphabet деп өзгөрткөн. Бирок компаниянын продукциялары мурдагы аттарын сактап калган, жаңы ысым болсо күнүмдүк жашоодо өтө сейрек кездешүүдө.