Бишкек, "Саясат. kg". Россияда аралаш никеден төрөлгөн балдарга автоматтык түрдө орус жарандыгын берүү пландалууда.

Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров чет мамлекеттерде жашаган россиялыктардын дүйнөлүк конгрессинде сүйлөп жатып билдирди.

"Аралаш үй-бүлө кайсыл жерде жашабасын, алардын баласы Россияда же чет өлкөдө төрөлгөнүнө карабастан, Конституцияга ылайык наристе автоматтык түрдө орус жарандыгын алышы керек деп эсептейбиз", – деди Лавров.

Мамлекеттик Думанын вице-спикери Анна Кузнецова министрдин бул сунушун колдоду. "Көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн автоматтык түрдө Россиянын жарандыгын алуу пайдалуу болуп, түрдүү маселелерин чечүү жеңилдемек. Бала чоңойгондо кайсыл өлкөнүн жарандыгын аларын өз алдынча чечип алмак", — деди ал.

Россиянын мыйзамдарына ылайык, ата-энесинин бирөө орус жараны, экинчиси чет өлкөлүк болгон учурда бала азыр деле орус жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте алса болот. Бирок ал үчүн тиешелүү органдарга арыз берүү талап кылынат.