Бишкек, "Саясат. kg". Иран өкмөтү Кыргызстанга Бандар-Аббас портунан жер участогун транзиттик товарларды ташуу үчүн бөлүп берүүнү чечти.

Иран предупредил о «более жёсткой мести врагу» — РТ на русском

Иран өкмөтү Кыргызстанга Бандар-Аббас портунан жер участогун транзиттик товарларды ташуу үчүн бөлүп берүүнү чечти. Бул тууралуу Нью Йорктогу  БУУнун Генералдык ассамблеясында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге Ирандын Тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиян айтты.

Казакбаев эки өлкөнұн ортосундагы транзиттик потенциалдын маанилүүлүгүн айтты. Ушуга байланыштуу Кыргызстан темир жолдун Иран- Түркмөнстан- Өзбекстан-Кыргызстан  коридорун колдонууга кызыкдар экендигин билдирди. Бул мамлекеттер аралык товар жүгүртүүнү жакшыртмак.

Ага жооп иретинде Иран өкмөтү Кыргызстанга Бандар-Аббас портунан тийешелүү инфраструктурасы менен берүүнү чечкендигин билдирди. Мындан сырткары министрлер Бишкекте Ирандын соода борборун ачууну талкууга алышты.
Кыргызстан Азиядагы деңизге чыга албаган 12 мамлекеттин бири. Жакынкы өнөктөштөрү менен товар жүгүртүү негизинен автомобиль аркылуу болот. Ал эми Бандар-Аббас дүйнөдөгү чоң 100 порттун бири. Ал Перс булуңунда жайгашкан.