Буга чейинкидей эле вирусту жуктургандардын саны жагынан АКШ (37 млн. 708 миң) алдыда баратат.

Дүйнѳдѳ коронавирус менен ооруп аткандардын  саны 211,7 млн. адамдан ашты. Акыркы суткада болсо  ооруну жуктургандар 1 млн. 875 миң 952 адамга кѳбѳйсѳ,  коронавирустан кѳз жумгандар 4 млн. 430 миң 758 адамга жетти.

Буга чейинкидей эле вирусту жуктургандардын саны жагынан АКШ (37 млн. 708 миң) алдыда баратат. Андан кийин Индия – 32 млн. 424 миң 234, Бразилия – 20 млн. 570 миң 891, Франция – 6 млн. 700 миң 252, Россия – 6 млн. 653 миң 498, Улуу Британия – 6 млн. 523 миң 563, Түркия – 6 млн. 215 миң 633, Аргентина – 5 млн. 133 миң 831, Колумбия – 4 млн. 889 миң 537, Испания – 4 млн. 770 миң 453, Италия – 4 млн. 484 миң 613, Иран – 4 млн. 677 миң 114, Германия – 3 млн. 856 миң 41.

Кыргызстанда учурга карата 174 миң 148 адам ковид менен ооруп аткандыгы катталса, Казакстанда – 804 миң 711, Ѳзбекстанда – 149 миң 58, Тажикстанда – 16 миң 423.

Булак: “Майдан. kg” гезити