Б.Шаршеев: "Ишмердүүлүгүмө берилген баа тууралуу айтсам, бул кызматка келгениме бир ай болду, андыктан бир жактуу жыйынтык чыгарууга эрте..."

- Бакыт Октябрьевич, акыркы учурда “Манас” эл аралык аба майданы тууралуу  маалымат агенттиктери байма бай жазышууда. Анын катарында сиздин дарегиңизге да көп сындар айтылып жатат. Бирок сиз ага  реакция кылбадыңыз, ушул убакка чейин унчукпай келдиңиз. Балким, бул айыптоолорго биринчи кезекте “Манас” эл аралык аба майданы” ААКнын кызматкерлерин тынчтандыруу үчүн жооп беришиңиз керектир?

- Дароо эле белгилеп кетейин, маек берүүгө ушак менен имиш кептерге жооп берүү үчүн макул болгон жокмун. Менин андай кептерге көңүл бурууга убактым да, каалоом да жок. Маанисиз дагы, анын үстүнө айтылгандардын баары чындыкка дал келбейт. Ансыз да убакыт баарын өз ордуна коет. Мени каралоого кызыкдар адам өзүн дагы көрсөтөт. Ишмердүүлүгүмө берилген баа тууралуу айтсам, бул кызматка келгениме бир ай болду, андыктан бир жактуу жыйынтык чыгарууга эрте.

- Мындай абалда окурмандарга эмне дейт элеңиз?

- Мен жөнүндө ушактардан тышкары тилекке каршы, “Манас” эл аралык аба майданынын ишмердүүлүгү тууралуу да көптөгөн такталбаган маалыматтар таркатылып жатат. А бул жерде мен бир катар маселелерди түшүндүрүүгө жана жакынкы убакытта аткарылчу иш пландар боюнча айтып берүүгө милдеттүүмүн.

- Жакында таратылган маалыматтарда сизди  “Манас” эл аралык аба майданын сырткы башкарууга берүүгө камынып жатат деп да жүргөн...

- Эч убакта андай болбойт. “Манас” эл аралык аба майданын же компаниянын кайсы бир объектисин өткөрүп берүү маселеси таптакыр күн тартибине коюлган эмес, коюлбайт да. Биз чындыгында инвесторлорду тартуу боюнча активдүү иш алып баруудабыз. Бирок дагы кайталайм, сырткы башкарууга берүү боюнча сөз жок.

Тактап кетейин,  биз Татарстанда жайгашкан “ЯДРАН” ЖЧК БК россиялык каржы компаниясы менен жолугушуу өткөрдүк. Компания Кыргызстанга жалпысынан базарды изилдөө, инвестиция тартуучу долбоорлорду издөө үчүн келген. “Манас” эл аралык аба майданынын инфраструктурасынан тышкары уюлдук байланыш жана энергетика жаатындагы кызматташуу варианттарын иликтешет. Жолугушуу башка инвесторлор сыяктуу эле  таанышуу иретинде болду, биз “Манас” эл аралык аба майданы” ААКнын ишиндеги маселелерди, негизинен капиталдык инвестициялык салымдарды талап кылган “Манас” абамайданы тууралуу айтып бердик.

- Бул сиздин инвесторлор менен биринчи жолугушууңуз болдубу?

- Биринчи да эмес, акыркы да эмес. Биз азыр потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзүп жатабыз, ишке киргизилүүгө даяр долбоорлор бар. Мисалы, “Кербен” аба майданынын учуу-конуу тилкесин жаңылоо боюнча түрк компаниясы менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

- Бардык инвестиция учуу-конуу тилкесин оңдоп-түзөөгө коротулабы?

- Бизге инвестиция эмнеге керектигин так түшүнүү үчүн негизинен “Манас” эл аралык аба майданы” ААКсынын иши, алдыбызда турган пландар тууралуу айтып беришим керек окшойт. Атайын “биз” деп айтып жатам, анткени компания - бул чоң жамаат, анын жигердүүлүгүнөн, кесипкөйлүгүнөн акыркы натыйжа көз каранды.

- Келиңиз, кадрлар, эмгек жамаат тууралуу суроолорго кийинчерээк кайрылалы.

 -Сөзсүз түрдө, анткени “МАМ” ААКсында иштеген адамдар - бул компаниянын башкы баалуулугу, эң кымбат активи. Түзүмгө келсек, ал абдан татаал жана абамайдандардан жана башка инфраструктуралык объектерден  башка ар кандай кызматтарды көрсөтүүчү бир нече туунду компанияларды камтыйт.

Бирок компаниянын  бирден бир башкы максаты – бул түз айтканда, киреше алуу болуп саналат. Компания өзүнүн акционерлери – мамлекет жана айрымдары “Манас” эл аралык аба майданы” ААКсында иштеген жеке адамдар үчүн акча табышы керек.

- “Манас” абамайданы чыгашалуу ишкана эмес, акча таап жаткандай эле сезилет...

- Таап жатат. Бирок, андан да көп каражат тапканга мүмкүнчүлүгү жетет жана милдеттүү дагы. Ага жетиш үчүн кардарларыбызга жагымдуу шарттарды түзүшүбүз керек. Булар - авиакомпаниялар, жүк ташуучу компаниялар. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, бизге жүргүнчү жана жүк ташуучу учактар май куюуга, техникалык кызмат көрсөтүүлөргө көп жана тез-тезден келип тургудай кылышыбыз керек.

А бул үчүн биздин инфраструктура, абамайдандар заманбап техника менен жабдылууга, учуу-конуу тилкелери эл аралык жогорку стандартка туура келүүгө тийиш.

Биз бир топ сапаттуу жана заманбап кызматтарды көрсөтүүгө тийишпиз, баа саясатын иштеп чыгышыбыз  зарыл.

Булардын баарын ишке ашырууга инвесторлор керек. Компаниянын өзүнүн каражаты тилекке каршы, жок.

- Сүйлөшүүлөрдү ким менен жүргүзүп жатасыздар?

- Көптөгөн түркиялык, кытайлык жана россиялык потенциалдуу инвесторлор менен. Ички инвесторлорго да чыгып жатабыз. Мисалы, өзүбүздүн  атамекендик инвестор менен “Манастагы” жүк ангарларын куруу боюнча келишим түзүлдү. Бул жүк ташуучуларды, логистикалык компанияларды тартууга жардам берет.

Белгилей кетейин, бул сүйлөшүүлөр, долбоорлорду даярдоо  стратегиялык планды беш жылга  иштеп чыгуу менен катар жүрүп жатат.

- Арканды алыска таштапсыздар?

- Ансыз болбойт. Бул, ишенип коюңуздар, алыс эмес. Булар биз аткара турган орто мөөнөттүү пландар. 2020-жылга стратегиялык план болгон, бирок ал тилекке каршы, 100 пайызга аткарылбады. Биз азыр “Манас” эл аралык аба майданы” ААКнын  учурдагы акыбалын, талабын, көйгөйлөрүн эске алып жаңы план түзүп жатабыз.

Бул жөн эле отчет үчүн керек болгон кагаз эмес. Бул жетекчиликтин этап этабы менен жүзөгө ашырылчу аракети, аны канчалык деңгээлде сабаттуу иштеп чыкканыбыздан иштин ыраттуулугу жана жыйынтыктын ийгилиги көз каранды болот.

- Инвесторлорду тартуу кыйынбы?

- Биз менен оңой байланышат деп айта албайм. Буга “Манас” эл аралык аба майданы” ААКсына байланышкан көп сандаган коррупциялык жаңжалдардын кесепети тийип жатат. Бул деген имиджке байланыштуу да маселе эмеспи. Анын үстүнө, сиздер деле жакшы билесиздер, акыркы жылдары инвестициялык планда бир гана “Манас” эл аралык аба майданы” ААКсына эмес, жалпы республикабызга ишенбөөчүлүк пайда болду. Албетте, баарыбыз саясий кырдаалдын турукташын күтүп жатабыз, муну биздин өнөктөштөр да күтүп жатышат. Олуттуу инвестициялык долбоорлорду коопсуз жүзөгө ашыруу үчүн. Президент Садыр Жапаров азыр Кыргызстанды инвестиция үчүн жагымдуу кылуунун үстүндө активдүү иштеп жатат, биз ага жардам берүүгө милдеттүүбүз.

- Ооба, коррупциялык жаңжалдар чындыгында олуттуу. Сиз бул тууралуу кандай ойдосуз?

- Ал тууралуу айткым келбейт. Тийиштүү органдар иштеп, сотко чейинки иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. “Манас” эл аралык аба майданы” ААКсынын жетекчилиги тарабынан кандайдыр бир билдирүү жасоо туура эмес болуп калат деп ойлойм.

Бирок биз башка нерсени жасай алабыз. “Манас” эл аралык аба майданы” ААКсынын объектилерине кардарлар, өнөктөштөр, жүргүнчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, каттамдардын санын көбөйтүп, көрстүлгөн кызматтардын сапатын арттырышыбыз керек. Аба майдан ар кандай коррупциялык схемасыз жана жаңжалсыз иштей алаарын жана иштөөгө милдеттүү экенин көрсөтүшүбүз кажет. Аба майдан ачык-айкын болуп, журналисттердин, кардарлардын, инвесторлордун, өнөктөштөрдүн  эч бир суроосунан чоочулабай жооп берээрин билдиришибиз керек. Бул менин өзүм алдыма койгон, республиканын жетекчилиги алдыма койгон эң бир маанилүү максаттарымдын бири.

- Аба каттамдардын саны жана билеттин баасы тууралуу. Биринчи атаганыбыз качан көбөйөт жана экинчи атаганыбыз качан арзандайт?

- Аба каттамдар жана авиабилеттер тууралуу дароо жооп берем. “Манас” эл аралык аба майданыны – тейлөөчү компания, аба жүргүнчүлөрүнө, аба ташуучуларга – жүргүнчүлөргө жана жүктөргө кызмат көрсөтөт. Канча кааласак да, каттамдардын санына, жыштыгына, билеттердин баасын таасир бере албайбыз. Бул Кыргызстандын Транспорт министрлиги менен Авиация мамлекеттик агенттигинин функциясы. “Манас” эл аралык аба майданы” ААКсынын атынан биз үзгүлтүксүз каттамдардын көбөйүшүн кубаттайбыз, ошондо авиабилеттердин баасы да арзандайт болчу деп айта алам. Биз жүргүнчүлөрдү жана аба каттамдарын тейлөөнүн сапатын жетиштүү деңгээлде жогорулатып, керектүү каттамдарды кабыл алууну камсыздап берүүгө даярбыз.

- Бакыт Октябрьевич, пландарыңыз жакшы экен, бирок аны ким менен ишке ашыраарыңыз да маанилүү эмеспи. Компаниянын кызматкерлери сизди кандай тосуп алышты? Тил табыша алдыңызбы? Анткени, сиз бул тармакка чоочун адам болуп жатпайсызбы...

- Сурооңуз үчүн рахмат, бул абдан маанилүү. Жогоруда айтканымдай, эң бир мыкты делген инфраструктура, техника дагы адамдарсыз, адистерсиз түккө арзыбайт. Ошондуктан, “Манас” эл аралык аба майданы” ААКсы – биринчи кезекте кызматкерлер. Компанияда миңден ашуун адистер эмгектенет. Алардын көбү он жылдап, династия менен иштегендер. Компаниянын ар кайсы объектилеринде кызматкерлер менен жолугушканымда албетте, ишенишкен жок, ал турмак нааразы болушту десем да болот, “дагы көчөдөн спецификаны түшүнбөгөн бирөөнү алып келип дайындап коюшту”- дегендей карашты. Бирок ошол эле убакта алардын көзүнөн кандайдыр бир жакшы өзгөрүүлөргө болгон үмүттү көрдүм. Бул жерде иштеген адамдар компания үчүн чын дилинен боор толгошот, эгер кандайдыр бир негатив, жаңжал жаралса абдан санааркашат. Мен үчүн бул адамдардын ишенимине ээ болуу абдан маанилүү. Кайсы бир жеке кызыкчылыгым үчүн келбегенимди көрсөтүшүм керек.

- Сөзүңүздү бөлгөнүмө кечирим сурайм. ММКларда сиз тууралуу: “кызматка келээри менен 40 кызматкерди иштен алып, негизги постторго өз адамдарын койду”- деген айыптоолорго кандай деп жооп бересиз?

- Толугу менен калп маалымат. Чындыгында, бир нече адам иштен алынды. Бирок спецификаны билген адистердин баары өз ордуларында калганын баса белгилейм. Ал эми бир катар жетекчилик кызматтардагылардын алмашылганы бул кадимки практика, жаңы жетекчи алдына койгон тапшырмаларды ишке ашырууну натыйжалуу камсыздандыра  турган өзүнүн командасы менен келет. Белгилеп коюучу жагдай - бардык жаңы дайындоолор кызматкерлердин кесипкөйлүгүнө негизделди.

Кайталайм, мен ишти компания тапкан кирешенин баары акционерлердин пайдасына кете тургандай кылып уюштурууга келгем. А акционерлер, дагы кайталайм - мамлекет жана эмгек жамааттын айрым  мүчөлөрү.

Мен ага сапаттуу, натыйжалуу иш аркылуу гана жете алам.

Ооба, бул чоң жана татаал организмдин айрым нюанстарын дагы түшүнүшүм керек, бирок жалпы башкаруу тутумун, алсыз жактарын, ыраатсыз процесстерди, мындан  күчөтүү керек болгон ийгиликтүү аракеттерди көрүп турам. Албетте, эмгек жамааттын адистик колдоосуна үмүт артам, ансыз болбойт.

Сөз кезеги келгенде айтайын, менин артыкчылыктуу багыттарымдын бири – кызматкерлердин маянасын көбөйтүү. Бул бир нече жылдан бери жасалган эмес жана кызматкерлер мындай чечимди күтүп жатканын билем. Азыр компаниянын кирешеси азайганына карабай, биз буга сөзсүз жетебиз.

- Ойлогон оюңуз ишке ашып, бул кызматка татыктуу дайындалганыңызды иш жүзүндө көрсөтүшүңүзгө тилектешпиз!

- Рахмат.