Э.Карыбеков: Административдик ресурс колдонгон жок. Таза жеңиш болду.

-Президенттик шайлоо мурункудай  административдик ресурс колдонулбай таза, адилеттүү өттүбү? Эл өз тандоосун жасоого үлгүрдүбү?

-Шайлоо таза, адилеттүү өттү десем адашпайм. Административдик ресурс колдонгон жок. Таза жеңиш болду. Мадумаровдун жана башка талапкерлердин алган упайы реалдуу болду. Талапкерлердин көбү шайлоонун жыйынтыгын кабыл алышты. Мадумаров баштаган  талапкерлер  "жыгылган күрөшкө тойбойт" болбой, шайлоонун жыйынтыгын таанып,  жеңилгенин мойнуна алып, аламанда биринчи келген  Садыр Жапаровду чын жүрөктөрүнөн куттуктап, жаңы президентке элибизге, өлкөбүзгө жакшы тилектерди айтса жакшы болмок.

Булак: “Майдан. kg” гезити