Т.Айталиев: Бул жолку шайлоонун чоң жетишкендиги №2 форма  жок болду.

Көз карандысыз эксперт Тилек Айталиев менен маек. 

-Президенттик шайлоо мурункудай  административдик ресурс колдонулбай таза, адилеттүү өттүбү? Эл өз тандоосун жасоого үлгүрдүбү?

-10- январда  мөөнөтүнөн мурун өткөн президенттик шайлоо жана референдум таза жана ачык өткөнүнө баарыбыз эле күбө болдук. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонулдубу деген суроого жооп берүүдөн мурда буга чейин өткөрүлүп келген шайлоолорду мисалга алсак  болот. Маселен, мындан үч ай мурун Жогорку Кеңештин Vll чакырылышын депутаттарын шайлоо маалында №2 форма  менен добуш сатылып алынганын, административдик ресурс колдонулганы соцтармактарда кызуу талкууга түшкөн. Ал эми бул жолку шайлоонун чоң жетишкендиги №2 форма  жок болду. Ошондой эле,  кыргыз эли бул  сапар  коррупцияга малынган бийликтен тажап, эч бир провокация алдырбастан, акчага алданбастан өз добушун берди. Ошону менен бирге чет мамлекеттерден келген байкоочулар дагы шайлоонун таза өткөнүн, эл үчүн баары ачык көрсөтүлүп турганын суктануу менен айтып, баа беришти. Мына ушундай пикирлерден кийин шайлоо таза өттү деген жыйынтыкка келсек болот.

Булак: “Майдан. kg” гезити