Н.Шерипов: Эми эл социалдык экономикалык, айыл чарба, өнөр жай, саламаттыкты сактоо, билим берүү боюнча олуттуу реформаларды, элдин жашоосун оңдогон өзгөрүүлөрдү күтөт.
Көз карандысыз эксперт Нурлан Шерипов менен маек.
-Президенттик шайлоо мурункудай административдик ресурс колдонулбай таза, адилеттүү өттүбү? Эл өз тандоосун жасоого үлгүрдүбү?
-Мурунку шайлоолорго салыштырмалуу бул президенттик шайлоо таза өттү десек болот. Анткени, бул сапар административдик, криминалдык жана каржы ресурстары колдонулган жок. Айрым жерлерде техникалык маселелер жаралып, 50дөн ашык арыз түшүп, көпчүлүгү текшерүүдөн кийин жокко чыгарылып, айрымдары гана укук коргоо органдарына тапшырып берилди.
Бирок эл арасында эмне үчүн шайлоого эл аз келди деген суроо жарала баштады. Менимче, элдин аз келишине №2 форма жокко чыгарылганы себеп болду окшойт. Негизи №2 форма деген сыйкырчы ыкма колдонулбаганы үчүн шайлоо таза, адилеттүү өттү. Элди күмөн санаткан бул ыкманын колдонулбаганы туура эле болду. №2 форма менен октябрь айында жарым миллион эл көчмөн калктай бир жерден экинчи жерге көчүрүлгөндө, ал ыкма коррупциялык ыкмалардын бири экенине күбө болгонбуз. Бул сапар андай күмөн жараткан жагдайларга жол берилбегени да шайлоонун таза өтүшүнө салым кошту.
Кечээги шайлоодон улам Кыргызстанда 40 пайыз чыныгы шайлоочу бар экен деген пикирге келдим. Жакшы жери бул сапар элибиз улутчулдуктан, трайбализмден, жердешчиликтен бийик экенин көрсөттү. Ошондой эле, түндүк-түштүк, жети дубан 44 район өзүнүн биримдигин биринчи жолу көрсөтүп, бир талапкерди колдоп беришти.
Элдин 80 пайыз добушун алуу өтө чоң ишеним. Тагыраагы, чоң үмүт менен элдин абсолюттук тобу добуш берди. Эми эл социалдык экономикалык, айыл чарба, өнөр жай, саламаттыкты сактоо, билим берүү боюнча олуттуу реформаларды, элдин жашоосун оңдогон өзгөрүүлөрдү күтөт. Ушул реформаларды ишке ашырууга таза кадрлар менен кызматташат деген пикирдемин. Жаңы шайланган президент да: “Мыкты, таза кадрларды алып келип, элдин ишенимин 100 пайыз актаймын”, - деди. Элдин ишеними жаңы шайланган мамлекет жетекчисине дем берип, жакшы иштешине өбөлгө түзөт деп ойлойм.
Баса, биринчи жолу конституциялык референдумда элге мамлекетти башкаруунун түрүн тандоого мүмкүнчүлүк берилди. Себеби, буга чейин 9 жолу референдум болсо да, элден кайсыл башкаруунун түрүн каалайсың деп суралган эмес. Болгону, Конституциянын долбоору коюлуп, супер президенттик же парламенттик башкаруунун формасы элге таңууланып, ошол Конституцияга добуш бергиле деген маселе коюлчу. Бул жолу тарыхыбызда биринчи жолу элден башкаруунун кайсыл түрүн тандаары суралды. Элдин 80 пайыздан ашыгы “биз президенттик башкарууну каалайбыз” деп тандоосун айтты. Эми бир референдум болсо, президенттик башкарууга ылайыкталган Конституциянын долбоору сунуш кылынат деген ойдомун.
Булак: “Майдан. kg” гезити