С.Муканбетов: Чуулгандуу эки партиянын шоусунун аркасында толгон-токой мыйзам бузуулар, акча чачмай, добуш сатып алуулар каралбай калып жатат.

- Сабыр байке, 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир айдан аз убакыт калды. Шайлоого катышууга арыз берген 44 партиянын ичинен 15 партия тобокелге бел байлап, 5 млн. сом күрөөсүн төлөп шайлоого аттанды. Алардын ичинен экөө БШКнын катоосунан өтө албай каржалууда. “Кыргызстан” партиясы соттон сотко арызданып жатып каттодон өтсө, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы эми соттошконду баштап жатат. Эл ичинде, “бийликчил болгон үчүн “Кыргызстан” партиясынын маселеси оң чечилип, оппозициячыл болгон үчүн “Бүтүн Кыргызстан” партиясына бут тосуулар болуп жатат” деген пикирлер айтылууда. Сиз кандай дейсиз?

- Ооба, ошондой пикирлер басымдуу болуп атат. Канат Исаевдин партиясынын алешемдиктери менен Адахан Мадумаровдун партиясынын каталыктарын салыштырып, “бийлик бийликчил “Кыргызстан” партиясына болушуп койду, оппозициячыл “Бүтүн Кыргызстанды чаап жатат”,- деп айтып атышат.

“Кыргызстан” партиясын да чаап, артынан “Бүтүн Кыргызстанды” да чаап салса, эл унчукпай калмак”,- дегендер да бар.

Эл деген эл экен да, эл мыйзам бузулганын, бузулбаганын изилдеп, аныктап отурбай эле үстүртөн баамдап, салыштырмалуу эле “тон бычып” коёт экен.

Кеп чынында, ушул ызы-чуунун себепкерлери ушул эки партия өзүлөрү болду да. Эки тараптан тең БШКга документтерин тапшырууда каталыктар кетип, мыйзам бузулганы айтылууда. Кимисиники чоңураак ката, кимисиники кичиреек ката, маселе анда деле эмес? Биз ушу эки партиянын чатагынан бошобой, башкаларды карай албай калдык.

Ушу эки партия шумовая, дымовая завеса болуп берип, башка, ууру-кескиге, коррупционерлерге толгон партиялар тынч, акырын катоодон өтүп алышып кетип баратышат, алга карай. Алар, “бул ызы-чуу дагы улана түшсө экен, соттошуунун акыркы инстанциясына чейин барышып, бу чатак дагы төрт-беш күн боло түшсө экен, ага чейин бир топ алга жылып, иштерибизди бүтүрүп алалы”- деп жатышкандай.

БШК менен сотторго чейин аралашып, чуунун токтобой улануусун Ак үй эмес, ошол “Ак үйгө жакын, таасирдүү олигархтардын партиялары заказ кылып атышат”- дегендер да бар.

Кеп чынында, бул чуулгандуу эки партиянын ШОУсунун аркасында толгон-токой мыйзам бузуулар, акча чачмай, добуш сатып алуулар каралбай калып жатат. Эл аны да көрүп жатат. “Бийлик керек учурда добуш сатып алууларды деле көргүсү келбесе көрбөй коёт тура”-дешип, анан ушунун баары бийликтин абройуна шек келтирип, рейтингинин төмөндөөсүнө себеп болуп, элдин нааразычылыгы өсүп жатат.

- Адахан Мадумаров: “партияга бут тосуулар бийлик тарабынан болуп жатат, БШК акыркы моментте пикирин өзгөрттү, 7-кабаттан буйрук болду”- деп, ачык доомат койду.  Партиянын жетекчилиги, айрым серепчилер да ушундай пикирлерин билдиришти. Колдоочулары нааразычылык акцияларын баштаганы даярданышууда. “Бийлик БШКга басым жасап жатат”- дегенге кандай карайсыз? Эгер чындап эле ошондой болсо бийлик эмне утат же уттурат?

- Адахан Мадумаровдун жана башкалардын айтканын уктум. Эл ичинде да ошондой кептер жүрүп атат. Бирок, өз кулагың менен укпагандан кийин, же бир айгак, аудио, видео факт болбогондон кийин аны чындык деп баса белгилеп эч ким айта да албайт экен. Ошондуктан, бул жоромол иретинде эле айтылууда. Ошого карабастан бул версияга ишенгендер, кармангандар арбып баратканы байкалат. Өзүнчө эле буга чейин нааразы болуп жүргөндөрдүн көбү, мисалы атамбаевчилер, “Чоң казат”, “Реформа”, (Реакция, балконскийлер) укпаган, ишенбегендерине карабай эле нааразычылык акциаларына катышабыз деп башташты.

Мен да бир нече ирет, ушу маселе боюнча бир топ билермандар менен сүйлөштүм, көпчүлүгү: “Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабановдун саясий аренадан сүрүлүшү менен “Ата Мекен”, “Республика” партияларынын оппозициялык бедели түшүп кетти, өздөрүн “оппозициябыз” деп жарыялаган башкалардын  кээ биринин дарамети, дагы башкаларынын каражаты жок болуп, бийликке сүр көрсөтө турган оппозиция катары жалгыз “Бүтүн Кыргызстан” партиясы калганын, коомчулук үчүн да, бийлик үчүн да бул кырдаал айдан ачык болуп, чочулаган бийлик Адахандын партиясын алдын ала чаап салууну чечишти окшойт”- деген пикирлерин айтышууда.

“Бүтүн Кыргызстандын” шайлоодон четтөөсүн, БШК менен сот бийлигине эле арта салуу мүмкүн эмес. Тиешеси бар жогуна карабай,  борбордук бийликке “адилетсиз” деген жарнак тагылып, нааразычылыктар негизинен Ак үйгө каршы багышталаары талашсыз.

Сурамжылоолордо былтыркы, мурдагы жылдарга караганда наааразы болгондордун саны өсүп жатат. Шайлоонун шайтан оюндары ошол чачкын нааразычыларды бириктирүүчү факторго айланчудай болуп турат. Белоруссиядагы толкундоолорду көрүп алып дүүлүгүп жүргөндөр да көбөйдү.

Бул жагынан алганда “Бүтүн Кыргызстанды” чаап салып бийлик эч нерсе утпайт. Күчкө салып нааразычылыкты басканда деле толук стабилдүүлүктү, бийликке болгон ишенимди кайра калыптандыруу кыйын болуп калат го.

Кеп чынында, бүгүнкү кырдаалда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан коркуп үркпөй эле шайлоого киргизип койгондон өтөөрү жок болчу. Көп болсо 15-20 мандат алышмак. Керек болсо, 30 мандат алса да эч коркунуч жок. Депутат болгон кыргыздардын 60-70 % бийликке ыктап жан багууну туура көрүшөт эмеспи. Алар фракциясын сатып, “гаремге” катталып, жан бакканга ынтызаар экенин 5, 6-созывда көрдүк го. Ошондо ар жакта алты жети депутаты менен Адахан калмак. Жүрө бермек бакырып. Анын эмне коркунучу бар эле?

Элге жек көрүндү болуп, нааразычылыктын күчөтүп, кайнаса каны кошулбагандарды бириктиргенге шарт түзүп, стабилдүүлүктү бузуш кимге керек? Биздин бийликке да, элге да ал керек эмес. Бул жагдай Сооронбай Жээнбековдун шайлоо тууралуу акыркы айткан сөздөрүнө да коошпой жатат. Эмнегедир мен “бийлик ушуну жасап атат”- дегенге ишенгим жок. Бийлик өзүнө өзү ор казгандай болуп...

Атаандаштыктан качкан, бийликчилбиз деген эле олигархтардын таасириндей сезилип жатат. Бийликке таасири күчтүү саясый топтор өз кара жандарынын кызыкчылыгы үчүн, өзүм билемдик менен жогорку бийликти көзгө илбей, подставлят этип, БШК менен соттордун ишине кийлигишип жаткан жокпу (?), -дегиң келет.

Ошондон улам, “бул ШОУну берки Канат Исаевдин партиясындай эле улантып, Раим-миллион дегенден алаксытып барып, дагы үч, төрт күн Жогорку сотко чейин ойнотуп, анан каттап койчудай сезилип да кетип жатат”- дешип, өзүн өзүлөрү сооротуп сабыр кылгандар да бар. Алар эртең кай жакка бурулат? Белгисиз.

А эгер андай эмес болуп, “чындап эле бийлик өзү ошондой туура эмес иштерге барып жатат”- дегендердики чын болсочу? Анда эмне дейбиз?

Анда, бул, “түпкүлүгүндө президентти аңга түртүп, саясый туруктуулукка балта чаба турган чо-оң катачылыкты токтотпосо болбойт!”- дегенден башка сөз жок.

Анткени адилеттүүлүк менен стабилдүүлүк элге эле эмес Сооронбай Жээнбековго да керек, жана ошондой эле, адилеттүүлүк орнотчу бийлик да колунда турат!

Маектешкен

Гүлмайрам Коргонбаева

Булак: "Майдан.kg" газетасы, №30 (465), 08.09.2020-ж.